«Финансы в эпоху цифровой трансформации: безопасность, инновации и доверие в формировании устойчивой финансовой экосистемы»
В рамках форума, 29 мая 2026г. будет организована пленарная сессия и панельные дискуссии.
Подробнее >>
Состав спикеров предстоящего форума включает экспертов мирового уровня и регуляторов рынка.
Подробнее >>
Hyatt Regency Bishkek, ул. Абдрахманова 191. Комфортабельная площадка для нетворкинга.
Подробнее >>
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы
Visa компаниясынын Борбор Азия боюнча вице-президенти жана аймактык менеджери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкарма мүчөсү
IFAD уюмунун REMIT PRIME Central Asia программасынын аймактык координатору
GNI Software компаниясынын өнөктөшү жана тең негиздөөчүсү
Compliance Control & Rakasta эл аралык консалтинг тобунун коммерциялык директору
Klearium компаниясынын башкы директору
Каржы секторунда бизнести өнүктүрүү боюнча директор – VisionLabs
Banza компаниясынын башкаруучу өнөктөшү, CRM, BPM жана санариптик чечимдер тармагындагы глобалдык IT-компаниянын коммерциялык директору.
Gardiyan компаниясынын Аткаруучу кеңешинин мүчөсү - Эл аралык операциялар
Жасалма интеллект жана блокчейн тармагындагы технологиялык ишкер жана изилдөөчү
Eastcompeace Technology компаниясынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү
Compass Plus Technologies компаниясынын кардарлар менен иштөө жана сатуу боюнча улук менеджери
U-BSS системалык интеграторунун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү өнүгүү боюнча вице-президенти
2026-жылдын 29-май айында «Hyatt Regency Bishkek» мейманканасында (Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы) Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулган Бишкек Эл аралык Финансы Форуму — BIFF2026 өтөт.
Форум региондогу финансылык сектордогу эң ири жылдык иш-чаралардын бири болуп саналат жана кесиптик диалог жүргүзүү, финансылык рыноктогу негизги тенденцияларды талкуулоо, алдыңкы IT-чечимдерди тааныштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Борбор Азияда ишкердик байланыштарды чыңдоо үчүн абройлуу эл аралык аянтча болуп эсептелет.
BIFF2026 форумунун негизги темасы:
«Санариптик трансформация доорундагы финансы: коопсуздук, инновациялар жана ишеним»
Форумдун программасы финансылык тармактын келечегин аныктаган төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
Форумга 350дөн ашык катышуучу күтүлүүдө, алардын ичинде коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, төлөм уюмдарынын, финтех-компаниялардын, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын, эл аралык финансылык институттардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү болот.
Форумдун расмий ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Алешович Касымалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Алмаз Кушбекович Бакетаевдин катышуусунда өткөрүлөт деп пландалууда.
Эл аралык негизги спикерлердин катарында Visa компаниясынын Борбор Азия боюнча вице-президенти жана регионалдык менеджери Санжар Сулейманов, ошондой эле өнөктөш уюмдардын, финансылык институттардын, финтех-компаниялардын жана консалтингдик компаниялардын алдыңкы эл аралык жана регионалдык эксперттери болот.
Форум алдыңкы эл аралык жана регионалдык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлөт. Генералдык өнөктөш — санариптик төлөмдөр боюнча дүйнөлүк лидер болгон Visa компаниясы, ал эми стратегиялык өнөктөш — Kaspersky. Технологиялык өнөктөштөр: BAKAI экосистемасы жана GNI Software. Өнөктөш банктар: «Элдик Банк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК жана «О!Банк» ААК.
Эл аралык өнөктөш уюмдардын катарына IFAD жана IFC, ошондой эле Compass Plus, Compliance Control, M4Banking Technologies, Banks Soft Systems, Gardiyan System Security Technologies, Baker Tilly, Kreston Bishkek жана башка бир катар алдыңкы технологиялык жана консалтингдик компаниялар кирет.
Форум салттуу түрдө финансылык сектордун күн тартибин аныктаган таасирдүү эксперттерди жана тармак лидерлерин бириктирип, кесиптик диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп кызмат кылат.
Катышуучуларды каттоо расмий сайт аркылуу жүргүзүлөт:
https://biff.kg/
Бишкек, Кыргызская Республика, Hyatt Regency Bishkek, ул. Абдрахманова 191
Местом проведения BIFF2026 станет Hyatt Regency Bishkek — один из ведущих пятизвездочных отелей столицы. Отель расположен в центре города, рядом с ключевыми деловыми и культурными объектами