Бишкекте эл аралык финансы форуму – BIFF2026 өтөт

2026-жылдын 29-май айында «Hyatt Regency Bishkek» мейманканасында (Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы) Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулган Бишкек Эл аралык Финансы Форуму — BIFF2026 өтөт.

Форум региондогу финансылык сектордогу эң ири жылдык иш-чаралардын бири болуп саналат жана кесиптик диалог жүргүзүү, финансылык рыноктогу негизги тенденцияларды талкуулоо, алдыңкы IT-чечимдерди тааныштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Борбор Азияда ишкердик байланыштарды чыңдоо үчүн абройлуу эл аралык аянтча болуп эсептелет.

BIFF2026 форумунун негизги темасы:
«Санариптик трансформация доорундагы финансы: коопсуздук, инновациялар жана ишеним»

Форумдун программасы финансылык тармактын келечегин аныктаган төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  • санариптик трансформация жана төлөм системаларын өнүктүрүү;
  • финтех-чечимдер жана санариптик экосистемалар;
  • киберкоопсуздук, алдамчылыктын алдын алуу жана тобокелдиктерди башкаруу;
  • блокчейн, санариптик активдер жана борбордук банктардын санариптик валюталары (CBDC).

Форумга 350дөн ашык катышуучу күтүлүүдө, алардын ичинде коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, төлөм уюмдарынын, финтех-компаниялардын, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын, эл аралык финансылык институттардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү болот.

Форумдун расмий ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Алешович Касымалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Алмаз Кушбекович Бакетаевдин катышуусунда өткөрүлөт деп пландалууда.

Эл аралык негизги спикерлердин катарында Visa компаниясынын Борбор Азия боюнча вице-президенти жана регионалдык менеджери Санжар Сулейманов, ошондой эле өнөктөш уюмдардын, финансылык институттардын, финтех-компаниялардын жана консалтингдик компаниялардын алдыңкы эл аралык жана регионалдык эксперттери болот.

Форум алдыңкы эл аралык жана регионалдык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлөт. Генералдык өнөктөш — санариптик төлөмдөр боюнча дүйнөлүк лидер болгон Visa компаниясы, ал эми стратегиялык өнөктөш — Kaspersky. Технологиялык өнөктөштөр: BAKAI экосистемасы жана GNI Software. Өнөктөш банктар: «Элдик Банк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК жана «О!Банк» ААК.

Эл аралык өнөктөш уюмдардын катарына IFAD жана IFC, ошондой эле Compass Plus, Compliance Control, M4Banking Technologies, Banks Soft Systems, Gardiyan System Security Technologies, Baker Tilly, Kreston Bishkek жана башка бир катар алдыңкы технологиялык жана консалтингдик компаниялар кирет.

Форум салттуу түрдө финансылык сектордун күн тартибин аныктаган таасирдүү эксперттерди жана тармак лидерлерин бириктирип, кесиптик диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп кызмат кылат.

Катышуучуларды каттоо расмий сайт аркылуу жүргүзүлөт:
https://biff.kg/